Азамат! Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпиону болду

FS 70kg Ernazar AKMATALIEV (KGZ)

Кыргызстандык спортчу Эрназар Акматалиев Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында (U-23) Дүйнө чемпиондугунда алтын медалга ээ болду. Ал чечүүчү беттеште армениялык Вазген Теванян менен кез келип, аны 10:2 эсеби менен жеңип алды.

Бул аталган мелдеште Кыргызстандын командасы үчүн үчүнчү медаль.