Азамат! Жоламан Шаршенбеков Азия чемпиондугунун финалына чыкты

GR 60kg Mirambek AINAGULOV (KAZ)

Жоламан Шаршенбеков Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда финалга чыкты.

Турнир Астанада өтүп жатат. Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча мелдешке 60 килограммга чейинки салмак ченинде катышты. Кыргызстандык 1/4 финалдан баштап, Индиядан келген спортчуну 53 секундда жеңип алды. Жарым финалда Шаршенбеков Япониядан келген балбандан күчтүү болду. Чечүүчү беттеште кыргызстандыкка Түштүк Кореянын өкүлү атаандаш болот.

Финалдык блоктун кармаштары 18:00дө башталат.