Азамат! Жоламан Шаршенбеков экинчи ирет Дүйнө чемпиону болду

Жоламан Шаршенбеков Сербияда өткөн грек күрөшү боюнча дүйнө чемпиондугун жеңип алды. Ал жеңишинен кийин Кыргызстандын желегин көтөрүп чыгып, адаттагы сальтосун жасады.

Ал 1/16 финалдан баштап 60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Балбан биринчи беттешинде Литванын өкүлүн мөөнөтүнөн мурда жеңсе, кийинки айлампада Грузиядан келген балбанды жеңип алды. Финалга чыгуу үчүн күрөштө кыргызстандык Өзбекстандын өкүлү менен беттешип, аны 10:0 эсебинде жеңип алды. Жарым финалдык беттеште балбан ирандык спортчуну катуу кармашта 4:3 эсебинде жеңип, финалга чыкты.

Чечүүчү беттеште кыргызстандык япониялык Кеничиро Фумита менен беттешип, Дүйнө чемпиону болду.

Былтыр Сербияда да Жоламан Шаршенбеков алтын медаль тагынган. Ал Олимпиадага да жолдомо алды.