Азия чемпионаты: Арууке Кадырбек кызы коло медалга ээ болду

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Арууке Кадырбек кызы чоңдор арасында өтүп жаткан Азия чемпионатында 55 килограммга чейинки салмакта коло медалга ээ болду.

Спортчу жалпы эки беттеш өткөрүп, 1/4 финалдык баскычтан баштап, анда Түндүк Корея өлкөсүнөн келген балбан кызга 0:10 эсебинде жеңилип калды. Кийин атаандашы финалга чыккандыгына байланыштуу 3-орунга күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган. Коло үчүн беттеште казакстандык Зульфия Яхярова аттуу балбан кызды 5:3 эсеби менен жеңди.