Кыргызстандын кадеттер арасында (U17) грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында командалык тизмеде экинчи орунду ээледи. Командалык эсепте биринчи орунга Казакстан, үчүнчүгө Индия командалары чыкты.
Улуттук команда мындай алдыңкы орунга жети балбандын ийгилиги менен жетти. Марлен Абдысаматов (45 килограмм), Сабит Шамшединов (60 килограмм), Мирсаид Юнусов (65 килограмм) жана Ырыскелди Хамзаев (71 килограмм) алтын медаль тагынды. Ырысбек Хамдамов (51 килограмм) экинчи, ал эми Муслим Мамыров (80 килограмм) жана Таласбек Бообеков (110 килограмм) үчүнчү орунду ээледи.
Күрөш боюнча жаштар (U23) жана кадеттер (U17) арасында Азия чемпионаты Бишкек шаарындагы «Бишкек Арена» муз аянтчасында өтүп жатат. Бүгүн килемге кадеттер арасында (U17) эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча балбандар беттештер өтүп жатат.
Беттештер күн сайын саат 10:30да башталып, 18:00дө финалдык беттештер орун алат.