Азия чемпионаты. Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы алтын медаль үчүн беттешет

Казакстандын Алматы шаарында күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат. Чемпионаттын үчүнчү күнүндө — бүгүн, 15-апрелде кыз-келиндер арасындагы беттештер башталды. Анда 5 топтом медаль ойнотулат.

Бүгүн кыргызстандык Нураида Анаркулова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы килем үстүнө чыгат. Финал саат 18:00дө башталат. Жуманазарова менен Айпери Медет кызы алтын медаль үчүн күч сынашса, Анаркулова мелдештин коло байгеси үчүн өзбекстандык Дильфуза Аимбетовага каршы чыгат.