Азия чемпионаты (U-23): Абдумалик Карачев алтын медалга ээ болду

57kg FS - Abdymalik Karachov (KGZ) df. Sultan Kurmanaliyev (KAZ)

Кыргыз Республикасынын эркин күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Абдумалик Карачев Амман шаарында (Иордания) жаткан Азия чемпионатында алтын медалга ээ болду.
Спортчу 57 килограммга чейинки салмакта алгачкы айлампада Ирактын баланын 16:8 эсебинде, экинчи айлампада иорданиялык Сахиб Рамзи Салах Алмарафини 10:0 эсебинде утту. Үчүнчү айлампада монголиялык Жигуур Сарантуяны 8:0 эсебинде утуп, жарым финалдык беттеште индиялык Субхам Субхамды 10:0 эсебинде жеңди. Чечүүчү финалдык беттеште казакстандык Султан Курманалиевди 5:0 эсебинде жеңип, өз салмагында Азия чемпиону аталды.