Азия чемпионаты (U-23): Асан Жанышов алтын медалга ээ болду

Кыргызстандын грек рим күрөшү(U-23) боюнча курама командасынын мүчөсү Асан Жанышов Амман шаарында (Иордания) өтүп жаткан Азия чемпионатында алтын медалга ээ болду.
Спортчу 87 килограммга чейинки салмакта катышкан. Биринчи айлампада казакстандын балбаны Максат Сайлауну 11:3 эсебинде жеңип, экинчи айлампада индиялык Теджал Теджалды 14:6 эсебинде утуп өз салмагында Азия чемпиону аталды.