Азия чемпионаты (U-23): Гүлнура Таштанбекова алтын медалга ээ болду

Podium 72kg WW - Gold: Gulnura Tashtanbekova (KGZ), Silver: Amruta Shashikant Pujari (IND), Bronze: Svetlana Oknazarova (UZB)

Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Гүлнура Таштанбекова Амман шаарында (Иордания) өтүп жаткан Азия чемпионатында алтын медалга ээ болду.
Спортчу 72 килограммга чейинки салмакта биринчи айлампада индиялык балбанды 7:0 эсебинде утту. Кийин казакстандык жана өзбекстандык Светлана Окназарованы 10:0 эсебинде жеңип өз салмагында Азия чемпиону аталды.
Буга чейин кыз-келиндер күрөшү боюнча чейин Нурзат Нуртаева 68 килограммга чейинки салмакта алтын медалга ээ болсо, Кайыргүл Шаршебаева 76 килограмм салмакта күмүш медалга жана Арууке Кадырбек кызы 55 килограмм чейинки салмакта коло медалга ээ болгон.