Азия чемпионаты (U-23): Кайыргүл Шаршебаева күмүш медаль, Арууке Кадырбек кызы коло медаль тагынды

Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Амман шаарында (Иордания) өтүп жаткан Азия чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту.

Кайыргүл Шаршебаева 76 килограммга чейинки салмакта катышкан. Алгачкы айлампада индиялык Прия Прияга 10:0 эсебинде утулса, экинчи айлампада казакстандын балбаны Алина Ертостикти 17:15 эсебинде утуп, күмүш медалга ээ болду. Арууке Кадырбек кызы 55 килограммга чейинки алгачкы айлампада индиялык Сито Ситого 10:0 эсебинде утулду. Экинчи айлампада өзбекстандык Дилшода Матназарованы 4:0 эсебинде утуп, 3-орун үчүн беттеште казакстандын балбаны Айнур Ашимованы 4:3 эсебинде жеңип коло байгеге татыды.