Азия чемпионаты (U17): Марлен Абдысаматов алтын медалга ээ болду

Грек-рим күрөшү боюнча кадеттер арасындагы (U17) курама команданын мүчөсү Марлен Абдысаматов Бишкек шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында 45 килограммга чейинки салмак категориясында арасында жеңүүчү болду.
Жаш спортчу 1/4 финалдан баштап 9:0 эсебинде ирактык балбанды жеңип, жарым финалдык беттеште өзбекстандык балбанды 8:4 эсебинде жеңди. Ал эми финалдык беттеште ирандык балбан Ирфан Рухулла Морадиварванини 4:0 эсебинде жеңип 1-орунду ээледи.