Азия чемпионаты (U17): Мирсаид Юнусов алтын медалга ээ болду

Грек-рим күрөшү боюнча кадеттер арасындагы (U17) курама команданын мүчөсү Мирсаид Юнусов Бишкек шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында 65 килограммга чейинки салмак категориясында жеңүүчү болду.
Мирсаид Юнусов 1/4 финалдан баштап казакстандык спортчуну 10:4 жеңип, жарым финалдык беттеште өзбекстандык балбанды 6:4 эсебинде жеңди. Ал эми финалдык беттеште индиялык балбан Кумар Сачинди 3:2 эсебинде жеңип алтын медалдын ээси болду.