Азия чемпионатында ийгилик жараткан балбан кыздарды кучак толо розалар менен тосуп алышты

Кечээ, 13-апрель күнү Астана шаарында (Казакстан) өткөн спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатына катышкан кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Бишкек шаарына кайтып келди.
Спортчуларды Маданият министринин орун басары Марат Тагаев, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, спортчулардын жакындары жана күйөрмандары тосуп алышты.
Азия чемпионатынын алкагында кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер 11-12-апрель күндөрү өттү. Кыргызстандын курама командасы жалпысынан 3 медаль (1 алтын, 1 күмүш, 1 коло) жеңген.
62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова биринчи орунду ээлеп, Азиянын беш жолку чемпиону болду. 76 килограмм салмак категориясында катышкан Айпери Медет кызы күмүш медаль тагынды. 59 килограмм салмакта Калмира Билимбекова коло медалга ээ болгон.
Курама команда улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев, башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жана жеке машыктыруучу Чынарбек Изабековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышкан.