Азия чемпиондугу. Алмаз Сманбеков коло медаль алды

Монголияда өтүп жаткан Азия чемпиондугунда 57 килограмм салмакта Алмаз Сманбеков коло медаль тагынды. Ал Өзбекстандан барган спортчу Гуломжон Абдуллаев менен беттешип, 9:7 эсебинде утту.

Бүгүн, 23-апрелде Эрназар Акматалиев алтын үчүн күч сынашат. Ал эми дагы бир кыргызстандык спортчу коло медаль үчүн килем үстүнө чыгат.