Азия чемпиондугу: Кыргызстандык 2 жөө күлүк 2 жана 3-орун алышты

Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Илья Тяпкин жана Гүлшанай Сатарова Гонконгдо өтүп жаткан марафон боюнча Азия чемпиондугунда байгелүү орундарга ээ болушту.

Кыз-келиндер арасында Гүлшанай Сатарова 2:36:32 секунд жыйынтык менен 2-орунду ээлесе, Илья Тяпкин 2:18:18 секунд жыйынтык менен 3-орунду багындыра алды.