Азия чемпиондугу: Оор атлетика боюнча Бекдөөлөт Расулбеков менен Эмил Молдодосов күмүш медаль утту

Оор атлетика боюнча өткөн Азия чемпиондугунда Бекдөөлөт Расулбеков күмүш байгенин ээси болду.

Оор атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөсү Бекдөөлөт Рыскулбеков Манама шаарында (Бахрейн) өтүп жаткан Азия чемпиондугунда экинчи орунду ээледи. Спортчу 102 килограмм салмак ченинде катышты. Бекдөөлөт Расулбеков жулкуп көтөрүүдө 173 килограммды, ал эми түртүп көтөрүүдө 216 килограммды көтөрүп, жалпы 389 упай менен 2-орунду ээледи.

Аталган мелдеште оор атлетчи Эмил Молдодосов 89 килограмм салмак категориясында экинчи орунду ээлеген.