Азия чемпиондугу: Орозобек Токтомамбетов күмүш медалга ээ болду

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Орозбек Токтомамбетов Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунун күмүш медалына ээ болду.

Спортчу 74 килограммга чейинки салмакта катышты. Алгач 1/8 финалдык беттеште кытайлык балбанды 11:0 эсебинде жеңип, чейрек финалдык беттеште Кореянын балбанын 10:0 эсебинде утуп, жарым финалга чыкты.

1/2 финалдык беттеште Өзбекстандын балбанын 10:1 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.

Алтын медаль үчүн беттеште казакстандык Нуркожа Кайпановго 2:1 эсебинде утулуп, Азия чемпиондугунун күмүш медалына ээ болду.