Азия чемпиондугунда Айсулуу Тыныбекова эмне үчүн жаракат алды? Машыктыруучу жооп берди

Бүгүн, 28-апрелде Монголиядагы грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпиондугунун жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйын өтүп жатат. Ага спортчулардан тышкары алардын машыктыруучулары, федерация өкүлдөрү да катышууда.

Машыктыруучу Нурбек Изабековдун айтымында, кыздар бул беттештерге 80 пайыз даярдык менен барышкан. «Айпери Медет кызы алтын медаль алды. Ал эми Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова беттешке толук даяр болгон жок. Ошондуктан спорттук травмаларды алышты. Алдыда Азия оюндары турат. Кыздарыбыз ошол оюндарга даяр болот деп ишенем. Айсулуу 10 жыл, Мээрим 8 жыл Олимпиада оюндарына даярданып, тыныгуу алган эмес. Алар ал жакта жыйынтык көрсөткөн соң, федерация кеңешип тыныгуу бергенбиз. 1-2 ай тыныгып, спортко келишти», — деди ал.