Азия чемпиондугунда Айсулуу Тыныбекова эмне үчүн сыйлоо аземине чыккан жок? Машыктыруучунун жообу

Эркин күрөш боюнча кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Байгазы Кенжебаев Монголияда өтүп жаткан Азия чемпионатында Айсулуу Тыныбекова эмне үчүн сыйлоо аземине чыкпаганын айтып берди.

Кыргызстандык спортчу кечээ, 22-апрелде финалда япониялык спортчуга утулуп, күмүш байгеге ээ болгон. Беттештин бүтөөрүнө 1 мүнөт 39 секунд калганда Тыныбекова бутунан жаракат алып, беттешти аягына чыгара алган жок. Спортчу сыйлык тапшыруу аземине да чыккан жок. Анын ордуна медаль алуу үчүн Айпери Медет кызы чыкты. 

— Айсулуунун кандай жаракаты бар?

— Жеңил жаракат алган. Бут кийимин чечкенде шишик пайда болду. Дароо муз басып, бинт байладык. Машыктыруучулар Айсулууну алып кетишти. Бардыгы дарыгерлер менен макулдашылган. Алар сыйлоо аземине чыкпоого уруксат беришти. Ал бут кийим кие алмак эмес.

— Айпери Медет кызы сыйлык тапшыруу аземине Айсулуунун ордуна чыга алат беле?

— Машыктыруучулар же башка спортчу чыгып алса болот. Башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков экөөбүз Айсулуунун жанында болгондуктан Айперини жибердик. Дарыгер тарабынан макулдашылган, баары мыйзамдуу.

– Айсулуу азыр өзүн кандай сезип жатат?

— Баары жакшы. Айсулуу акырындап өзүнө келип жатат.