Азия чемпиондугунда Жоламан Шаршенбеков жарым финалга чыкты

Балбан Жоламан Шаршенбеков кечээ, 19-апрелде Улан-Батордо (Монголия) башталган күрөш боюнча Азия чемпиондугунда жарым финалга чыкты.

Ал мөөнөтүнөн мурда монголиялык спортчуну 8:0 эсебинде жеңди. Белгилей кетсек, бүгүн дагы бир нече кыргызстандык спортчулар килемге чыгат.