Кечээ, 3-апрелде Азия дзюдо союзунун президенти Обайд Аль Анзи Бишкек шаарына келди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, «Манас» эл аралык аэропортунда мейманды Дзюдо боюнча улуттук федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев тосуп алды. Иш сапардын негизги максаты — Борбор Азиядагы дзюдо спортун өнүктүрүү, дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатынын ачылышына катышуу болуп эсептелет.
Дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионаты 2021-жылдын 6-9-апрель күндөрү Бишкек шаарында өтөт.