Азия Кубогу: Бүгүн Кыргызстан Таиланд менен беттешет

Бүгүн, 16-январда футбол боюнча улуттук курама команда Катарда өтүп жаткан Азия Кубогунун алкагында алгачкы беттешин өткөрөт. Аталган беттешке күйөрмандык кылып, колдоо көрсөтүү үчүн Кыргызстандан 150гө чукул күйөрмандар барышты.
Биринчи турда, F тайпада улуттук курама команда Таиланддын курама командасы менен беттешет. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да Abdullah Bin Khalifa стадионунда өтмөкчү.
Кыргызстан Улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович турнирге жана старттык беттешке болгон команданын даярдыгы тууралуу: «Команда үчүн жана жеке мен үчүн жакында эле Дүйнөлүк чемпионат ойнотулган жерде бул деңгээлдеги турнирге катышуу чоң сыймык. Кырк күндөй аралыктын ичинде турнирге кызуу даярдык көрдүк. Анын алкагында бир катар контролдук беттештер орун алды. Албетте, турнирде мыкты оюнубузду көрсөтүүгө аракет кылабыз. Оюнчулар талаада эң мыкты сапаттарын көрсөтүүгө даяр. Кураманын оюнчуларынын ар бири жыйын убагында болгон күчүн жумшады. Биз беттешти чоң толкундануу менен күтөбүз жана каршылашты жеңүү үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз. Татыктуу оюн көрсөтөбүз деп ишенем», — деп айткан.

Кыргызстан Улуттук курама командасынын капитаны жана коргоочусу Тамирлан Козубаев команданын даярдыгы жөнүндө: «Биз турнирге даярдыкты жакшы өткөрдүк жана ар бир оюнда жеңишке жетүү үчүн колубуздан келген аракеттин баарын жасайбыз. Өткөн Азия Кубогу чыңалган атмосферада өттү, анткени, ал биздин турнирдеги дебютубуз болгон эле. Бирок азыр командадагы айрым оюнчулардын мындай деңгээлдеги турнирге катышуу тажрыйбасы бар болгондуктан ага менталдык жактан даярдык көрүү кыйла жеңил болду. Азия Кубогунда жеңил оюндар жок деп эсептейм, ар бири татаал. Тайпалык баскычтан кийинки этапка чыгабыз деп ишегеи. Ар бир беттеште жеңишке умтулабыз», — деди.