Бүгүн, 16-январда футбол боюнча улуттук курама команда Катарда өтүп жаткан Азия Кубогунун алкагында алгачкы беттешин өткөрүп жатат. Биринчи турда, F тайпада улуттук курама команда менен Таиланддын курама командасынын беттеши башталды.
Аталган беттешке күйөрмандык кылып, колдоо көрсөтүү үчүн Кыргызстандан 150гө чукул күйөрмандар барышты.