Азия оюндары: Жоламан Шаршенбеков тажикстандык балбанды жеңди

Балбан Жоламан Шаршенбеков Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында чейрек финалга чыкты. Ал 60 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, 1/8 финалдан баштаган.

Учурдагы Дүйнө чемпионунун алгачкы атаандашы тажикстандык Асламжон Азизов болду. Азизов биринчи бөлүктө 5:0 эсебинде жеңишке жетишсе, экинчи таймда Шаршенбеков катары менен 8 упайга ээ болуп, жеңишти тартып алды.