Карате боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Кымбат Тойтонова Ханчжоу шаарында (Кытай) өтүп жаткан Азия оюндарында коло медаль үчүн беттешет.
Спортчу 61 килограмм салмак даражасында алгач кореялык атаандашын жана бангладештик спортчуну жеңген. Ал эми чейрек финалда кытайлык спортчуга жеңилип, эми коло байге үчүн беттеш өткөрөт.