Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашуун киши барат

23-сентябрдан 8-октябрга чейин Кытайдын Ханчжоу шаарында төрт жылда бир өткөрүлүп келген Азия оюндары өтөт. Мелдештер Азия өлкөлөрүнүн спортчулары арасында өтүп, ага 40тан ашуун өлкө катышат.

Аталган оюндарга Кыргыз Республикасынан – 230дан ашык киши барат. Анын ичинде спортчулар, машыктыруучулар, медицина кызматкерлери, кураторлор жана басма сөз кызматынын өкүлдөрү бар.

Азия оюндарынын программасына жалпы 42 спорттун түрү киргизилген, анын ичинен кыргызстандык спортчулар 23 спорттун түрүнөн катышат. Алар: бокс, сууда сүзүү, ок атуу, жаа атуу, дзюдо, оор атлетика, күрөш түрлөрү (кыз-келиндер күрөшү, эркин күрөшү, грек-рим күрөшү), карате, фехтование, жеңил атлетика, каное жана байдаркада сүзүү, заманбап спорттун беш түрү, таэквондо WT, триатлон, волейбол, шахмат, ушу саньшоу, кибер спорт, жиу-житсу, баскетбол 3х3, көркөм гимнастика, футбол, кураш.

Азия оюндары 1951-жылдан бери өткөрүлүп келет. Акыркы жолу 2018-жылы Индонезиянын Жакарта шаарында өтүп, улуттук курама команда 2 алтын, 6 күмүш жана 12 коло медаль жеңген.