Азия оюндарына кыргызстандык киберспортчулар катышат. Тизме

23-сентябрда Кытайдын Ханчжоу шаарында Азия оюндары башталат. Анын алкагында алгачкы жолу киберспорт боюнча мелдеш өтөт.

Кыргызстандын атынан киберспорт боюнча мелдештерге 15 оюнчу катышат. «Dota 2», «Three Kingdoms» жана «Arena of Valor» курама командалары күч сынашат.

Киберспортчулардын тизмеси:

«Dota 2» курама команда: Бакыт Эмилжанов; Кыялбек Таиров; Бектур Кулов; Абдурахман Раяпов; Аманбек Юнусалы уулу; Виктор Котляревский, машыктыруучу.

«Three Kingdoms» боюнча курама команда: Арген Абыкеев; Адис Азаматов; Даниил Кривошеев; Руслан Беклар; Асадбек СадиковБаяман Саймасаев, башкы машыктыруучу.

«Arena of Valor» курама команда: Кубанычбек Абдираимов; Жаңыбай уулу Кубанычбек, Алтынбек Абдыраимов, Эрлис Батырбеков, Бекзат уулу Эрбол, Тариель Болотбеков, башкы машыктыруучу.