Азия оюндарында алтын медаль жеңген дзюдочу Эрлан Шеровду тосуп алышты (сүрөт)

Бүгүн, 29-сентябрь күнү Ханчжоу шаарында (Кытай) өтүп жаткан дзюдо боюнча Азия оюндарынын жеңүүчүсү Эрлан Шеровду салтанаттуу тосуп алуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Спорт департаментинен билдиришти.

Чемпионду аэропорттон президенттин администрациясынын жана Дене тарбия жана спорт департаментинин кызматкерлери, Дзюдо федерациясынын өкүлдөрү, жакындары жана күйөрмандары тосуп алышты.

Эрлан Шеров Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында өзүнүн салмак ченинде алтын медаль утуп алган. Спортчу 90 килограммга чейинки салмак ченинде беттеш өткөрүп, алгач кытайлык спортчуну 1:0, чейрек финалда ливандык атаандашын 10:0 эсебинде жана жарым финалда БАЭнин спортчусун жеңип финалга жолдомо алган. Чечүүчү финалдык беттеште өзбекстандык Давлет Бобонов менен күч сынашып, жыйынтыгында жеңүүчү болуп Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу дзюдо боюнча Азия чемпиону аталды.