Азия оюндарынын отун жандырууга виртуалдуу алп катышты

Кечээ, 23-сентябрда Кытайда 45 өлкөдөн 12500дөй спортчу катышкан оюндардын ачылышы болуп өттү. Орусия менен Беларусь аталган оюндарга чакырылган жок.

Ачылыш аземи көз талдыргандай кооз өттү. 19-ирет өтүп жаткан Азия оюндарынын отун жандырууга компьютердик графиканын жардамы менен түзүлгөн вируталдуу гигант катышты.

Азия оюндары — бул Олимпиада оюндарынын чыгыш үлгүсү. Ал 8-октябрга чейин созулат. Атлеттер спорттун 40 түрү боюнча таймашат.