«Азиянын бешинчи жолку чемпиону болууга мүмкүнчүлүгүм бар эле». Айсулуу Тыныбекова кыргызстандыктарга кайрылды

Монголияда өтүп жаткан Азия чемпиондугунда алтын үчүн болгон күрөштө атаандашынан жеңилип калган Айсулуу Тыныбекова кыргызстандыктарга кайрылды.

Бүгүн менин Азиянын бешинчи жолку чемпиону болууга мүмкүнчүлүгүм бар эле. Колумдан келген аракетти жасадым. Эки жолку кармашта утуп, финалга да жеттим. Тилекке каршы, чечүүчү мүнөттөргө келгенде жаракат алып калдым. Профессионалдуу спортто мындай учурлар болот экен.

Өтө көп жазганга шартым болбой турат. Ошентсе да, колдоо үчүн чоң рахмат! Колдоону мен ар дайым сезип келем жана дал ошол колдоо мага дем берет. Менин эң негизги мотивация жана эргүү алуучу булагым — силерсиңер!” — деп жазды ал.