Бажы кызматкери кикбоксинг боюнча өлкө чемпиондугун жеңип алды

27-28-мартта Бишкектеги “Газпром-балдар үчүн” спорттук-ден соолукту чыңдоо комплексинде кикбоксинг боюнча өлкө чемпионаты болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эркектер арасындагы мелдеште 81 килограммга чейинки салмак ченинде бажы кызматынын кызматкери Рыскелди Алтынбеков жеңишке жетишип чемпион болду.

Белгилей кетсек, ал буга чейин Азия чемпиондугунун байге ээси жана Ташкент шаарында өткөн кикбокс боюнча эл аралык турнирдин да жеңүүчүсү аталган.