Балбан Айаал Лазарев Олимпиадага капыстан жолдомо алды

Эркин күрөш боюнча кыргызстандык Айаал Лазарев Токиодогу Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Күрөш федерациясынын маалыматы боюнча, кыргызстандык Токиодогу оюндарга лицензияны индиялык Сумит Маликтин допингге каршы эрежелерди бузгандыгына байланыштуу алган.

Болгарияда өткөн лицензиялык дүйнөлүк мелдеште Лазарев биринчи раундда Индиянын балбанына утулуп, бирок жыйынтыгында 3-орунду ээлеп, коло медалга ээ болгон.  Индиялыктын дисквалификациясынан кийин Лазарев Олимпиадага жолдомонун ээси болуп калды. Лазарев 2016-жылы Рио олимпиадасына катышкан. Ал жерден биринчи раундда утулуп, акыркы 15-орунду ээлеген.

Бул лицензия Кыргызстан үчүн 17-лицензия болду. Буга чейин Айсулуу ТыныбековаАйпери Медет кызыМээрим ЖуманазароваАтабек АзисбековЖоламан ШаршенбековАкжол МахмудовУзур Жузупбеков, Эрназар Акматалиев, Владимир Золоев, Дарья МасловаЮлия АндрееваМария КоробицкаяРоман ПетровБакдөөлөт РасылбековКаныкей КубанычбековаДенис Петрашов жолдомо алган.