Балбан Айпери Медет кызы эл аралык турнирде олимпиада чемпионун жеңип, финалга чыкты

Учурда Украинада өтүп жаткан эл аралык мелдеште кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы атаандаштарын жеңип финалга чыкты. Финалдык беттеш бүгүн өтөт.

76 килограмм салмакка чейинкилердин категориясында беттешке чыккан Айпери алгач украиналык Анна Мельник менен бет келишип, чейрек жарым финалда венгриялык атаандашын, жарым финалда болсо учурдагы олимпиада чемпиону, канадалык Эрика Вейбэни жеңди. Кыргыздын балбан кызы жарым финалда 67 секундада жеңишке жетти.

Айпери Медет кызынын финалдык беттештеги атаандашы эстониялык Эпп Мае болмокчу.