Балбан Айсулуу Тыныбековага тапшырылган үйдүн тагдыры дале чечилип бүтө элек

Балбан Айсулуу Тыныбековага тапшырылган үйдүн тагдыры дале чечилип бүтө элек. Тагыраагы кыргыз тарыхындагы кыз-келиндер күрөшү боюнча алгачкы дүйнө чемпионуна үйдү өткөрүп берүү маселеси Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында 19-ноябрда каралат.

Маалыматка ылайык, Айсулуу Тыныбекованын Кыргыз мамлекетинин спортун өнүктүрүүдө кошкон салымын эске алуу менен спортчуга Москва көчөсү, 191 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү муниципалдык үч бөлмөлүү батирди кайтарымсыз иретте өткөрүп берүү тууралуу шаардык кеңештин токтомунун долбоору иштелип чыгып, кароого киргизилген.

Ал батир үйдүн сертификатын 2019-жылы экс-президент Сооронбай Жээнбеков дүйнөлүк чемпионаттагы жеңишинен кийин Айсулуу Тыныбековага тапшырган эле. Бирок кийин кыймылсыз мүлктүн муниципалдык менчикте турары ачыкталган. Бул батир үй экс-мэр Нариман Түлеевдин соттун чечиминен кийин конфискацияга алынган кыймылсыз мүлктөрдүн бири.