Балбан Бекзат Алмаз уулу жаңы унаасын атасына белек кылган видео тарады

Социалдык тармактарда Париждеги Олимпиада оюндарына катышкан Бекзат Алмаз уулунун мамлекет берген унаасынын ачкычын атасына берип жатканда тартылган видео тарады.

13-августта Бишкекте Париж Олимпиадасынын катышуучуларын жана байге ээлерин сыйлоо аземи болуп өткөн. Анда Олимпиадага катышкан ар бир спортчуга акчалай сыйлык жана унаа берилген.

Буга чейин Бекзат Алмаз уулунун буту шишип, тизесинен суу алдырып жаткан видеосу да тараган.