«Балбан Бекзат Алмаз уулу Олимпиадада буту шишип, тизесинен суу алдырды» деген видео тарады

Социалдык тармакта Париждеги Олимпиада оюндарына катышкан Бекзат Алмаз уулунун буту шишип, тизесинен суу алдырып жаткан видеосу тарады. Спорт журналисти Тахир Гафуров ал боюнча пост жазды.

«Олимпиада оюндарына катышкан дагы бир каарманыбыз бар. Бул — Бекзат Алмаз уулу. Парижге барганда Бекзаттын тизеси шишип кеткен. Климаттын өзгөрүшүнөнбү, айтор Бишкекте организмге кирген инфекция күчөп кеткен. Машыктыруучулар штабы балбанды алмаштырууга үлгүрбөй калды. Натыйжада бир нече күн бою ага күнүнө эки жолу антибиотик сайылып, тизесинен суюктук алынды. Бекзат беттештерге антибиотиктен алсыраган иммунитет, организм менен чыгып жатты. Ага карабай балбан башындагы атаандашын жеңди. Жубатуучу беттеште да кытайлык атаандашын 7:4 эсебинде утту. Ал ооруганына карабай чыныгы эрдик көрсөттү», — деп жазган Гафуров.