Балбан Эрназар Акматалиев Олимпиада оюндарына жолдомо алды

Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Токиодо өтө турчу Олимпиада оюндарына жолдомо утту.

Бул күндөрү Казакстандын Алматы шаарында күрөш боюнча квалификациялык турнир өтүп жатат. Эрназар бүгүн, 11-апрелде эркин күрөш боюнча мелдеште 65 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашты.

Ал мелдешти 1/4 финалдык беттештен баштап, түрксмөнстандык спортчуну 5:1 эсебинде жеңди. Жарым финалда Өзбекстандын спортчусун дагы утту.

Эми Бекболот алтын медаль үчүн күч сынашат. Ошондой эле ал Олимпиада оюндарына катышууга жолдомо алды. Олимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн спортчуларга финалга чыгуу жетиштүү болчу.

Учурда Кыргызстандын эсебине Олимп оюндарына 12 жолдомо чогулду. Буга чейин балбандар Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азисбеков, суучул Денис Петрашов жана жеңил атлеттер Юлия Андреева, Дарья Маслова, Мария Коробицкая алган.