Балбан Жоламан Шаршенбеков финалга чыкты

Кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков Сербияда өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө Кубогунун финалына чыкты. Шаршенбеков 60 килограммга чейинки салмак категориясында күрөшүүдө.

Ал 1/8 финалдык этаптан баштап күрөшүп, беларуссиялык Максим Казарскийди мөөнөтүнөн мурда жеңилүү ызасын тарттырды. Чейрек финалда кыргыз спортчусу 2019-жылы Европа чемпиону молдовалык Виктор Чебану менен кез келип, анда Жоламан мыкты оюн көрсөтүү менен атаандашын 8:0 эсебинде жеңип алды. Жарым финалда Түркиянын өкүлү Ахмет Уяр менен болгон күрөш 5:1 эсеп менен аяктады.

Алтын медаль үчүн күрөштө анын атаандашы 2019-жылы Европанын чемпиону, Дүйнө кубокторунун жеңүүчүсү жана Европа оюндарынын эки жолку жеңүүчүсү орусиялык Степан Марянян болмокчу. Эки балбандын финалдык беттеши бүгүн 14-декабрда болот.