Балбан кыздарды кучак толо гүлдөр менен тосуп алышты

Кыргыз өлкөсүнүн кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы бүгүн Бишкекке учуп келди. Спорттук күрөш боюнча Дүйнө кубогуна катышкан балбан кыздарды кучак толо гүлдөр менен тосуп алышты. Ал эми команданын машыктыруучусу Нурбек Изабековго калпак менен чепкен кийгизишти.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча жеке Дүйнөлүк кубок 14-16-декабрь күндөрү Сербияда өттү. Анда жалпысынан 10 комплект медаль ойнотулду. Дүйнөлүк кубокто Кыргыз курама командасынын 4 спортчусу башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги астында күч сынашты. 62 кг чейинки салмактык категорияда Айсулуу Тыныбекова алтын, 68 кг чейинки салмактык категорияда Мээрим Жуманазарова алтын, 76 кг чейинки салмактык категорияда Айпери Медет кызы коло медаль алган.