Балбан Роман Царев улуттук курамдан четтетилди

Бишкекте опузалап акча талап кылуу фактысы менен кармалган балбан Роман Царев улуттук курамдан четтетилди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Маалыматта «Спортчулардын этикасынын кодексинин 5-бөлүмүнүн 15-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча курама команданын мүчөсү Роман Царев улуттук курамадан четтетилет. Кодекстин 5-бөлүмүндө тартипсиздик жоруктарды жасагандыгы үчүн, анын ичинде ушул кодекстин жоболорун аткарбаганда же туура эмес аткарганда кодекстин негизинде спортчуга карата атайын чаралар көрүлөрү белгиленген” деп жазылган.

Белгилей кетсек, ушул жылдын башында өткөн Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча чемпионатында Роман Царев 72 килограмм салмак категориясында 1-орунду ээлегени үчүн улуттук курама командасына киргизилген.