Кыргызстандык Бекзат Алмаз уулу Парижде өтүп жаткан Олимпиадада коло медаль үчүн жубатуучу беттешке катышып, кытайлык атаандашын жеңип алды.
Ал эркин күрөш боюнча турнирге 57 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, 1/8 финалдан баштаган. Кыргызстандык биринчи беттеште казакстандык Мейрамбек Картбайды 4:1 эсебинде жеңип, чейрек финалда америкалык Спенсер Ричард Ли менен кез келди. Алмаз уулу андан 2:12 эсебинде утулуп калган.
Америкалык спортчу финалга чыгып, Алмаз уулуна жубатуучу турнирге катышууга мүмкүнчүлүк берген. Эми кыргызстандык коло медаль үчүн күрөшөт. Анын атаандашы өзбекстандык Гуломжон Абдуллаев болот.