Бали! Тайырбек Жумашбек уулу Азиянын эки жолку чемпиону болду

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөсү Тайырбек Жумашбек уулу Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында алтын медаль жеңди.

61 килограммга чейинки салмакта спортчу 1\4 финалдык баскычтан баштады. Жалпы 3 беттеш өткөрүп, бардыгында тең жеңүүчү болуп чыкты. Финалдык беттеште коңшу казакстандык Ассыл Айтакын аттуу балбан менен күч сынашып, жыйынтыгында 3:1 эсеби менен жеңишке жетти.

Тайырбек Жумашбек уулу ушуну менен Азиянын эки жолку чемпиону болду. Былтыр Астана шаарында (Казакстан) өткөн Азия чемпионатында 1-орунду камсыздай алган.