Бали! Үзүр Жузупбеков да алгачкы атаандашын жеңди

97kg GR - U. Dzhuzupbekov (KGZ)

Бүгүн, 6-август күнү Парижде өтүп жаткан Олимп оюндарында Үзүр Жузупбеков өз беттештерин баштады.

Кыргызстандык беттешин 1/8 финалдан баштап, литвалык Миндаугас Венскайтис менен беттешти. Беттеш 4:1 эсебинде Жузупбековдун пайдасына аяктап, чейрек финалга чыкты.

Анын кийинки атаандашы ирандык спортчу болмокчу.