Баракелде! Айпери Медет кызы Дүйнө чемпиондугунда коло медалга ээ болду

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Норвегияда өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду.

Анын беттештери 5-октябрда 1/8 финалдык баскычтан башталган. Кыргызстандык Болгария менен Орусиянын спортчуларын ишенимдүү түрдө жеңип, жарым финалга чыкты. Финалга чыгуу үчүн болгон беттеште ал эстониялык Эпп Мэй менен беттешип, акыркы секундаларда чабуулду өткөрүп жиберип, атаандашына жеңишти тартып алууга мүмкүнчүлүк берген. 

6-октябрда Айпери Медет кызы коло медаль үчүн украиналык Анастасия Шустовага каршы күрөшүп, аны 12:1 эсебинде жеңип, коло медалдын ээси болду. Бул Кыргызстан үчүн турнирдеги төртүнчү медаль болуп калды. Буга чейин Айсулуу Тыныбекова алтын, Эрназар Акматалиев күмүш, Алибек Осмонов коло медалга ээ болгон.