Баракелде! Айсулуу Тыныбеков Түркиядагы мелдеште алтын жеңди

Балбан Айсулуу Тыныбекова Түркияда өткөн эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болду.

Ал 8-мартта өткөн турнирде 62 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Балбае 1/8 финалдан баштап, АКШ, Түркия, Орусиянын спортчуларын үч жолу катары менен жеңип, финалга чыкты.

Чечүүчү беттеште анын атаандашы казакстандык балбан болду. Айсулуу Тыныбекова 5:0 эсебинде жеңишке жетип, алтын медаль тагынды.