Баракелде! Айсулуу Тыныбекова Азия чемпиондугунда финалга чыкты

Астанада өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты.

Ал бүгүн, 12-апрелде 62 килограммга чейинки салмак ченинде беттешке чыкты. Алгачкы беттеште Тыныбекова Өзбекстандын спортчусу менен беттешип, аны 13 секунддун ичинде ийинин жерге тийгизген.

Кыргызстандык жарым финалда Дүйнөнүн жана Азиянын учурдагы чемпиону япониялык Ноноки Озака менен беттешти. Тыныбекова беттеште жеңишке жетип, финалга чыкты, анда Монголиянын спортчусу ага атаандаш болот.

Финалдык блоктун башталышы 18:00.