Баракелде! Акжол Махмудов Азия оюндарынын чемпиону болду

Кыргызстандык Акжол Махмудов Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында алтын медаль тагынды.

Ал грек-рим күрөшү боюнча мелдешке 77 килограммга чейинки салмак ченинде катышкан. Махмудов 1/4 финалдан баштап, Камбоджа менен Казакстандын спортчуларын эки жолу утуп, финалга чыкты.

Чечүүчү беттеште кыргызстандык Ирандын өкүлү Амин Кавиянежад менен беттешти. Махмудов жеңишке жетип, алтын медаль тагынды.

Буга чейин Акжол Махмудов 2018-жылы Азия оюндарынын күмүш медалын тагынган.