Баракелде! Акжол Махмудов Азиянын үчүнчү жолку чемпиону болду

Акжол Махмудов Азиянын үчүнчү жолку чемпиону болду. 77 килограмм салмакта, грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Акжол Махмудов Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда алтын медалга ээ болуп, 3-жолу Азия чемпиону болду. 

Спортчу 1/4 финалдан баштаган. Алгач түркмөнстандык балбанды 9:0 эсебинде жеңген. Жарым финалда япониялык спортчуну утуп, финалга жолдомо алган. Финалдык беттеште ирандык балбан Амин Кавиянинеджад жаракат алгандыгына байланыштуу беттешке чыккан жок.