Баракелде! Акжол Махмудов экинчи жолу Дүйнө чемпиону болду

Сербияда өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунда Акжол Махмудов алтын медаль тагынды.

Турнир ушул күндөрү Белградда өтүп жатат, кыргызстандык 77 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан. Учурдагы дүйнө чемпиону 21-сентябрда 1/16 финалдык баскычтан баштап, Норвегиянын өкүлүн утуп алса, 1/8 финалда Египеттин спортчусун мөөнөтүнөн мурда жеңген. Чейрек финалда Махмудов өзбекстандык спортчуну мөөнөтүнөн мурда жеңсе, финалга чыгуу үчүн күрөштө япониялык спортчуну жеңип алды.

22-сентябрда кыргызстандык алтын үчүн азербайжандык Санан Сулейманов менен беттешти. Махмудов аны жеңип, Дүйнө биринчилигин экинчи жолу катары менен жеңип алды. Кошумчалай кетсек, Париждеги Олимпиада оюндарына жолдомо да утуп алган.