Баракелде! Акжол Махмудов Олимпиада оюндарында күмүш медалга ээ болду

Кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов Токиодогу Олимпиада оюндарын жыйынтыктады. Ал финалдык беттеште венгриялык спортчу Тамаш Лоринцтен 2:1 эсебинде жеңилип, күмүш медалга ээ болду.

Махмудовдун биринчи атаандашы тунистик Маафи Ладжед болгон, аны кыргызстандык 11:0 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыккан. Чейрек финалда Махмудов азербайжандык Рафиг Гусейнов менен беттешип, 9:1 эсеби менен жеңишке жетип, жарым финалга чыкты. Финалга чыгуу үчүн болгон беттеште кыргызстандык Армениядан келген Карапет Чалян менен беттешип, финалга жолдомо алган. Ал финалдык беттеште атаандашын жеңгенде алтын медалга ээ болмок.